• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик сыйлык биздин ишибизге стимул берет – Каныкей Эралиева

Коом 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу бир катар жарандарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.

III даражадагы “Манас” ордени менен ырчы, композитор, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү Каныкей Эралиева сыйланды.

Сыйлык тууралуу комментарий берип жатып, Каныкей Эралиева мамлекеттик сыйлык мындан ары дагы жан дили менен иштөөгө стимул берерин белгиледи.

"Менин эмгегим бааланып, "Даңк" медалын алып жатканыма кубанычтамын. Бул мындан аркы иштөөгө стимул берет. Чыгармачылык жолумду мектеп кезимден баштап, 55 жылдан бери ушул тармакта эмгектенип, азыр да иштеп келем. Учурда Муратаалы Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайда сабак берем", - деди Эралиева.

Пикир

Оставить комментарий