• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Чек талап кылып, байге утуп ал!”: 1-октябрда лотереянын 2-утушу өтөт

Коом 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 10-майынан тартып “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясын өткөрүүдө. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 110 миңден ашуун кыргызстандыктар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, Салык кызматынын лотереясына катышууда.

Бүгүнкү күндө лотереянын катышуучулары 7,8 млрд сомдон ашуун суммадагы кассалык чектерди сканерден өткөрүшүп, 7,7 млндон ашык лотереялык ID-белеттерин алышты, алардын ар бири алдыдагы баалуу байгелерди ойнотууга катышат.

Лотереянын негизги максаты – жарандарды кассалык чектерди талап кылууга кызыктыруу жана бул аркылуу көмүскө бизнести кыскартууга көмөктөшүү.

Утуштарды өткөрүү мөөнөтү

Лотерея Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүлүп, 2022-жылдын 31-декабрына чейин уланат.

Лотереянын экинчи утушу 2022-жылдын 1-октябрында, ал эми үчүнчү жыйынтыктоочу утуш – ушул жылдын 31-декабрында өтөт.

Эске салсак, биринчи утуш 1-июлда болуп өткөн.

Кандай байгелер ойнотулат?

Экинчи турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 1 автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 11 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер ойнотулат.

Үчүнчү, акыркы утушта Бишкектеги бир бөлмөлүү батир, 1 автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 10 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу белектер өз ээлерин күтөт.

Жеңүүчү номерлерди тандоо лотереянын автоматташтырылган системасы тарабынан сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) аркылуу түз эфирде жүргүзүлөт.

Кантип катышууга болот?

Лотереяга катышуу үчүн:

– Google play же AppStore аркылуу "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү;

– товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу;

– алынган кассалык чектин QR-кодун мобилдик тиркемедеги сканерден өткөрүү зарыл.

Сканерленген кассалык чектердин ар бир топтолгон суммасына (1 000 сом) система 1 уникалдуу ID номерин ыйгарат.

Система сканерленген чектерди текшерет

Лотереяга катышуу үчүн сканерленген кассалык чектер 72 сааттык текшерүүдөн өтөт.

Ошол эле учурда, система кассалык чекти кабыл албаса дагы, издөө тутуму аны Салык кызматынын базасынан 30 күндүн ичинде издейт.

Белгиленген убакыттан кийин Салык кызматынын серверине келип түшкөн кассалык чектер система тарабынан кабыл алынат жана андан ары аларга ID номерлер ыйгарылат.

Лотерея системасы тарабынан сканерленген чектерди кабыл албагандыгынын себептерин аныктоо боюнча иш туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Кассалык чектер кайдан жана качан берилиши керек?

Кассалык чектер товарларды же кызматтарды сатып алууда калк менен акчалай эсептешүүлөрдө, дүкөндөрдө, соода борборлорунда, авиакассаларда, май куюучу станцияларда, жеке билим берүү мекемелеринде (бакчаларда, мектептерде), окутуу курстарында, дарыканаларда, алмашуу бюролорунда, химиялык тазалоочу жайларда, ломбарддарда, сулуулук чеберлеринин ар кандай кызматтарын, ошондой эле акы төлөө үчүн көрсөтүлүүчү ар кандай жеке мүнөздөгү кызматтарды алууда берилиши керек.

Кассалык чек эсептешүү жүргүзүлгөн учурда берилет.

Даттанууларды кабыл алуу номерлери

Лотереяга катышуучулардын даттанууларын жана кайрылууларын кабыл алуу үчүн кызматкерлердин телефон номерлери: (0999)927866, (0999)099102, (0999)099107, (0999)099108, (0777)512277, (0227)190190, (0507)628087, (0500)743434.

“Салык чек” мобилдик тиркемесинин техникалык колдоо кызматы: (0312)510147, (0508)996669.

Эске салсак, “Лотереялар жөнүндө” Мыйзамга ылайык, өлкөнүн 18 жашка толгон жарандары лотереяга катышууга укуктуу.

Лотереяга катышуу – бул ар бир кыргызстандыктын өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымы. Чек талап кылып, байге утуп ал!

Пикир

Оставить комментарий