• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чийки зат түрүндө экспорттолуп жаткан товарларды өзүбүздөн иштетип чыгарууну колго алуубуз шарт - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16-май /Кабар/. Бүгүн, 16-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Экмат Байбакпаевдин жетекчилиги менен өлкөбүздүн өндүрүштүк потенциалын арттырууга багытталган мыйзам долбоорун даярдоо боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны болду. Иш-чарага тармактык министрликтер менен ведомсвтолордун өкүлдөрү, жеке ишкерлер, бир катар ассоциациялардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Кыргызстандын өндүрүш тармагынын тарыхы, учурдагы абалы жана келечекте жасалуучу иштер тууралуу сөз жүрдү. Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 60%га чейинки көлөмүн түзгөн өндүрүш тармагы эгемендик алган жылдардан баштап туура эмес жүргүзүлгөн саясаттын натыйжасында эки эсе азайганын белгилеп, буга мисал катары эт азыктарын өндүрүү 9,7 эсеге, сүт 8,4 эсеге, кумшекер 5,6эсеге, кондитердик азыктар 13,3 эсеге азайгандыгын мисал келтирди.

Ошондой эле Э.Байбакпаев өлкө соода-ортомчулук экономикалык багытты тандап алганына токтолуп, ЕАЭБге мүчө болгондон кийин мурдагыдай реэкспорттук экономиканын пайдалуулугу азайгандыгын кошумчалды. “Андыктан, импорттолуучу товарлардын ичинен кайсынысын өзүбүздө өндүрө аларыбызды аныктап, ата мекендик өндүрүштү күчтөндүрүшүбүз керек. Мындан тышкары, чийки зат түрүндө экспорттолуп жаткан товарларды өзүбүздөн иштетип чыгарууну колго алуубуз шарт”,- деди.

Пикир

Оставить комментарий