• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чоң-Алай аймагында 20 турак үйдү суу каптоо коркунучу жоюлду - ӨКМ

Аймак 0


Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Чоң-Алай аймагында 20 турак жайды үйдү суу каптоо коркунучу жоюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-мартта Чоң-Алай айыл аймагынын Жар-Башы айылын колоттордон топтолуп түшкөн суу аралап агып, 12 чакырым ички чарбалык жолдорго, 20 турак үйгө, 20 короо-сарайга жана 10 жер төлөлөрдү суу каптоо коркунучун жараткан.

Жаралган кооптуулукту жоюу максатында Чоң-Алай районунун ӨКБнүн башчысы майор М.Курбанбеков жетектеген 17 куткаруучу, райондук жарандык коргонуу кызматтарынын жана жергиликтуу калктын жардамы мен сел суусунан тазалоого 1 жүктөгүч унаасы тартылып, 80метр аралыктагы жерди 700 кап кум менен бөгөп, суунун нугун буруу менен кооптуулук толугу менен жоюлду.

Пикир

Оставить комментарий