• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаандын айынан Ошто таза суу берүү токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Нѳшѳрлѳп жааган айынан Оштун бир катар райондорунда таза суу берүү токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чара Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайкалыгы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу көрүлдү.

Алсак, Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү саат 07:05те токтотулган.

Мэрия суу өчө элек аймактарда таза суу камдап алууну өтүнөт.

Таза суу жеткирип берүү үчүн төмөнкү телефондор аркылуу 105, 8-11-15, 8-11-51 жана 0553 200-105 кайрылсаңыздар болот.

Ош шаардык мэриясы жарандарды сабырдуулукка чакырат жана убактылуу жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200-105.

Пикир

Оставить комментарий