• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында айыл чарба форуму өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Нарын облусунда “Агро – 2024” айыл чарба форуму өтүп жатат, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Форумдун расмий бөлүгү Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында өтүп, ага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү, облус жетекчилери, айыл чарбасы боюнча иш алып барган мамлекеттик жана коомдук уюмдар, айыл чарба адистери, дыйкан, фермелдер катышууда.

Форумдун максаты — Нарын облусунда айыл чарбасын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын аныктап, дыйкан, фермерлерге, багбандарга жаңыча ыкмалар боюнча маалыматтарды, кеп-кеңештерди берүү менен айыл чарбасын өнүктүрүүгө жол ачуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий