• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОГПИнин жамааты обсервацияда иштеп жаткан медиктерге 150 миң сом акчалай колдоо көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун (ОГПИ) жалпы жамааты аталган окуу жайдын жатаканасында уюштурулган обсервацияда иштеп жаткан медиктерге колдоо көрсөтүү максатында 150 миң сом тапшырды. Бул тууралуу ОГПИнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев врачтарга 5 миң сомдон, медайымдарга 3 миң сомдон, санитардык кызматкерлерге 2 миң сомдон жана тартип сакчыларына 3 миң сомдон тапшырган.

Медиктер окуу жайдын жамаатына ыраазычылыктарын билдирип, буга чейин жалаң гана медициналык каражаттар түрүндө колдоо болуп келгендигин айтышкан.

Белгилей кетсек, учурда ОГПИнин жатаканасында 60тан ашык бейтап даарыгерлердин көзөмөлүндө коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Аталга обсервация жайында 50гө жакын жумушчу иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий