• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чоң-Алайда 5 баллга жеткен жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Сейсмология Институтунун берген маалымат боюнча 2017-жылдын 1-июунунда саат 21:10дө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда 5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында орун алган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жар-Башы, Кулчу, Чак, Кара-Шыбак айылдарында 4,5 балл, Шибээ айылында 4 балл, Карамык, Кара-Тейит, Ачык-Суу айылдарында 3,5 балл сезилген.

Пикир

Оставить комментарий