• 84.79
  • 98.7
  • 1.2

Чоң Чүй каналына 11 жаштагы бала түшүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Бишкектин Осмонкул көчөсүндө Чоң Чүй каналга 11 жаштагы Л.Л. аттуу өспүрүм түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жергиликтүү тургундар жаш баланы суудан аман-эсен чыгарышып, куткаруу кызматына өткөрүп беришкен.

Куткаруучулар өз алдынча биринчи жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий