• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 44 жаштагы жаран изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына 15-июль күнү 44 жаштагы эркек киши түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында 5 куткаруучу тартылып, саат 15:05те убактылуу токтотулган. Издөө иштери бүгүн, 24-июль күнү улантылат.

Ошондой эле Жалал-Абал облусунун Аксы районунда Чоң-Наманган каналына 12 жаштагы өспүрүм түшүп кеткен. 23-июль күнү издөө иштерине 11 куткаруучу тартылган, бирок натыйжа берген эмес. Туугандарынын катынын негизинде издөө иш-чаралары убактылуу токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий