• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чодуев: 2013-жылдан бери "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору аркылуу дыйкандарга 34,2 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. 2013-жылдан бери "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору аркылуу дыйкандарга 34,2 млрд сом насыя берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору аркылуу былтыр дыйкандарга 5 млрд 700 млн сом берилген.

"2013-жылдан бери 34 млрд 200 млн сом насыя берилип, аны 90 миңден ашык адам алган. Быйыл "Айыл чарбасын каржылоо-8" долбоору боюнча насыя алууда бир топ кыйынчылыктар болгон: блокпосттордон өтүү, банкке жетүү ж.б. Бүгүнкү күнгө карата дыйкандарга 1 млрд 711 млн сом насыя берилип, аны 2 миңден ашык киши алды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий