• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чолпон-Ата-Балыкчы унаа жолунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек,11.10.17./Кабар/. Кечээ, 10-октябрда Чолпон-Ата-Балыкчы унаа жолунунун 45-чакырымында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы болжол менен саат 16:57 катталып, окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барышкан.

““Ауди-80” жана “Таблекта” үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.Куткаруучулар унаанын жабылып калган эшигин ачып, жүргүнчүлөрдү чыгарышкан”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий