• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чолпон-Атада эл аралык ири туристтик кѳргѳзмѳ-жарманке өтүүдө – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл (Issyk-Kul ITF 2023) эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкенин расмий ачылышы өттү.

Жарманке 13-14-май аралыгында Ч.Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда өтөт.

Жарманкенин ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин, элчилер, депутаттар жана келген коноктор катышты.

Issyk-Kul ITF көргөзмөсүнүн жүрүшүндө өлкөнүн жети дубанынын жашоочулары боз үй тигип, өз аймагынын өзгөчөлүгүн айгинелеген кол өнөрчүлүк, аспап, буюм-тайымдарын келген конокторго тартуулоодо.

2016-жылдан бери көл жээгинде өтүп келген жарманкеге бул ирет 90дой туристтик компания, пансионат, конок үй жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдар катышууда.

Эскерте кетсек, IITF 2022 – бул жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрүнүн, авиакомпаниялардын, эл ташуучу компаниялардын, мейманканалардын жана медиа сектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу жери.

Issyk-Kul ITF – 2022 эл аралык көргөзмө-жарманкесинин максаты — өлкөнүн туризм чөйрөсүн өз калыбына келтирүү жана мындан ары өнүктүрүү, ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин ортосундагы кызматтык байланыштарды түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү, эс алуу жана ден-соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартуу, ошондой эле Кыргызстандын туризм тармагына инвестиция тартууга көмөктөшүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий