• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ысык-Көлдө Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасынын машыгуулары өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында 2010-жылы төрөлгөндөрдөн улуу эмес футболчулардан куралган Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасынын машыгуу жыйыны башталды.

Кыргыз футболдук союзунан билдиришкендей, машыгуу жыйыны күнүнө эки жолудан өтүп, анын алкагында Өзбекстан курама командасынын теңтуштары менен 2 контролдук беттеши да пландаштырылган.

Учурда команданын машыктыруучулар штабына FIFA Talent Coach Programme долбоорунун испаниялык адиси - Даниэль Лимонес колдоо көрсөтүп жатат.

Бул командага республиканын бардык аймактарынан мыкты оюнчулар каралып, тандалып алынган. Машыгуу жыйында 27-сентябрдан 4-октябрга чейин уланат.

Оюнчулардын тизмеси:

Дарбазачылар:

  • Кашуба Артем (Илбирс)
  • Фрайс Армин (Абдыш-Ата)

Коргоочулар:

  • Султанов Назар (Илбирс)
  • Курбаналиев Билал (Дордой)
  • Эмильев Эмир (Абдыш-Ата)
  • Мамыров Эльдияр (Илбирс)
  • Жылкычиев Усман (Академия Момунова)
  • Омурзаков Эрлан (Абдыш-Ата)
  • Аманбеков Рамазан (Дордой)
  • Субанов Алихан (Алай)

Жарым коргоочулар:

  • Айтбаев Нуртай (Илбирс)
  • Сулашиев Ильхам (Абдыш-Ата)
  • Култаев Умар (Илбирс)
  • Абилов Ариет (Илбирс)
  • Аскаров Алимбек (Алай)
  • Янфу Рамиль (Абдыш-Ата)
  • Чыныбаев Таир (Илбирс)
  • Дюшакунов Эльмар (Абдыш-Ата)
  • Мырзакулов Алихан (Дордой)

Чабуулчулар:

  • Сакабаев Арлен (Нефтчи)
  • Жолочуев Байэл (Абдыш Ата)
  • Таштемиров Баяман (Илбирс)
  • Исаев Алимбек (Дордой)
  • Аскербеков Эржан (Академия Момунова)
  • Болотбеков Актан (Дордой)
  • Сагынов Баязат (Абдыш Ата)

Машыктыруучулар штабы:

  • Ногоев Азамат - башкы машыктыруучу
  • Даниель Лимонес - FIFA TDS долбоорунун машыктыруучусу
  • Даниярбеков Адилет - дарыгер
  • Аширалиев Феликс - аналитик
  • Карагулов Бакыт - менеджер.

Пикир

Оставить комментарий