• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саламаттык сактоо министри жаңы перинаталдык борбордун имаратынын курулушу менен таанышты

Ден соолук 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 27-сентябрда Бишкектеги жаңы перинаталдык борбордун имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Министрликтен билдиришкендей, перинаталдык борбор Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражаттарынын эсебинен курулууда.

Медициналык мекеме 203 орунга ылайыкташып, эл аралык стандарттарды эске алуу менен курулган. Бүгүнкү күндө жаңы жогорку технологиялык медициналык жабдууларды сатып алуу жана жеткирүү боюнча тендердик процедуралар жүрүп жатат. Борбор ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Министр Бейшеналиев төрөт үйүндө болгон иш сапарынын жүрүшүндө өлкөдө энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу жардам көрсөтүү үчүн перинаталдык борборлорду, балдар ооруканаларын, төрөт үйлөрүн куруу, алардагы медициналык кызматтын сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий