• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кочкордо мамлекеттик жана саясий ишмер Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Кочкордо мамлекеттик, саясий жана аскер ишмери Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара КР президентинин “Инсандын руханий - адеп-ахлактык жана дене тарбиясы жөнүндө” жана “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыктарына жана министрлер кабинетинин жалпы улуттук жана республикалык маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмеси менен бекитилген токтомго ылайык өтөт.

Салтанаттуу иш-чара үстүбүздөгү жылы 2-октябрда Кочкор айылындагы М.Садыков атындагы стадионунун “Ордо” сахнасында саат 12:00дө башталат.

Маданий бөлүктө тарыхый инсан Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесине карата “Өнөр-Мурас” республикалык кароо-сынактары уюштурулат.

Сынактар кыргыз элинин байыркы тарыхы менен бай маданиятын жандандырып, улуттук баалуулуктарды, маданий өзгөчөлүктөрдү даңазалоо, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу, маданий мурастардын негизинде чыгармачыл индустрияны өнүктүрүү жана аймактар арасындагы маданий-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана бекемдөө максатында өткөрүлөт.

Анда “Улуттук салттуу ырлар”, “Дастанчылык өнөр”, “Улуттук кийим-кечелер”, “Улуттук музыкалык аспаптар” (комуз, кыл кыяк, үйлөмө жана какма аспаптар) жана “Эң мыкты боз үй” сынактары орун алат.

Эскертүү: 7 облус жана Бишкек, Ош шаарларынан маданий сынактарга катышуучулар жолдомосу жеке маалыматтары менен 2023-жылдын 28-сентябрына чейин уюштуруучу топко жөнөтүүсү шарт.

Ал эми спорттук бөлүктө Кочкор районундагы Орто-Токой аймагында “Кунан чабыш”, “Жорго салыш”, “Аламан ат чабыш” оюндары өтүп, мыкты чабандестерге байгелер ыйгарылат.

Белгиленгендей, күлүктөрдү каттоо 2023-жылдын 1-октябрь күнү саат 10:00дөн түнкү 22:00гө чейин Орто-Токой аймагында жүргүзүлөт. Ат оюндары 2-октябрь күнү саат 10:00 башталат.

Байланыш жана толук маалымат алуу үчүн номерлер: электрондук дарек: ncc07mail.ru, 0312 88-69-33, 66-24-04, WhatsApp: 0772 958 191., 0701 337 789;

Ат оюндарына катышуу үчүн: WhatsApp: 0708093440.

Пикир

Оставить комментарий