• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Төрөбаев Кытайда Shaanxi Jixin Industrial Co., Ltd. компаниясынын жетекчилиги менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында, Shaanxi Jixin Industrial Co., Ltd. (SHACMAN) компаниясынын жогорку жетекчилиги менен жолугуп, автомобиль жабдууларын чыгаруу жана тейлөө жаатында кызматташуунун келечеги тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушууда Кытай менен Кыргызстан өнүгүүнүн жалпы баалуулуктарына, саясий, соода-экономикалык кызматташтыкка, анын ичинде “Бир алкак жана бир жол” демилгесине негизделген тыгыз жана достук мамилелерди өнүктүрүү улантылып жатканы белгиленди.

Бакыт Төрөбаев учурда КР министрлер кабинети “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу, ири ГЭСтерди куруу жана жаңы кендерди иштетүү сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгиледи. Бул жагынан алганда, ишенимдүү жана далилденген унаа жабдуулары менен камсыз кылуу зарыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын май айында Кытайдын Сиянь шаарына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында “ТНК “Шумкар” ААК менен Сиянь Юанчао компаниясынын ортосунда кол коюлган Макулдашуу эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам катары таанылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын технологиялык өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган жыйноо цехинин тез арада ишке киргизилишине ишенимин билдирди.

Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда ишкердик кылуу үчүн жагымдуу шарттарды, анын ичинде жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасын, кураштыруучу тетиктерди импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотууну, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардагы жеңилдиктерди белгиледи. Мындан тышкары, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө жана Европа Биримдиги менен ВСП+ статусуна ээ, бул товарларды экспорттоодо жеңилдиктер болоорун кошумчалады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ошондой эле SHACMAN компаниясын Кыргызстандын салыктык жеңилдиктер каралган атайын экономикалык аймактарында өндүрүш ишканасын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды жана “Кыргызиндустрия” ААК менен кызматташуунун алкагында компанияны Ош облусунда автоунаа техникасын ишенимдүү тейлөөнү камсыздоо үчүн тейлөө борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Жолугушуунун соңунда ал SHACMAN компаниясын Кыргызстанды ишенимдүү бизнес өнөктөш катары кароого чакырып, өлкөдөгү ийгиликтүү инвестициялык ишмердүүлүккө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий