• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сак болуңуз! Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот

Коом 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн катуу шамал катталышы күтүлүүдө.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шаардыктарды этият болууга чакырууда.

Кырсык болгон учурда "112" номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта.

Пикир

Оставить комментарий