• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чыңгыз Айдарбеков Брюсселде Түркмөнстандын ТИМ башчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Брюсселде жыл сайын “Европа биримдиги-Борбордук Азия” форматында өткөн Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасы, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу учурунда эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланды. Түркмөнстандын ТИМ башчысы Айдарбековду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады. Тараптар экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөнүн жана жогорку деңгээлдеги эки тараптууу сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Айдарбеков кесиптешин ага ыңгайлуу болгон учурда Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий