• 87.42
  • 93.12
  • 1.14

Чычкан суусуна күйүүчү май ташыган унаа түшүп, толугу менен күйүп кетти

938 кароо Кырсык 0

Бишкек, 19.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Жалал-Абад облусунда бүгүн “ RENAULT” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа Чычкан түшүп, толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык 19-февралда болжол менен саат 11:00дө унаа жолдун 238-чакырымында болгон.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Унаада 35 тонна бензин болгон.

Окуя болгон жерге Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн 5 куткаруучусу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий