• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чыгыш автобекетинин жанындагы жер астындагы өтмөк оңдолду

Коом 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Бишкектеги Чыгыш автобекетинин жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жер астындагы өтмөктү жакшыртуу иштери жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жер астындагы өтмөккө брусчатка төшөлүп, жарыктандырылды. Жакынкы арада жалпы тазалоо иштери жүргүзүлүп, өтмөктүн тепкичтери жана дубалдары жуулат.

Андан соң, Чыгыш автобекетинин администрациясы санитардык абалды көзөмөлдөйт.

Пикир

Оставить комментарий