• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош базарынын тегерегинде башаламан соода кылган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.02.21 /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери Ош базарынын тегерегинде башаламан соода-сатык кылган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, жарандар тарабынан социалдык сайттар аркылуу Ош базарынын айланасындагы жол тыгындарын жоюу жана жол жээгинде соода-сатык кылып, жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан жарандарга карата чара көрүү боюнча көп кайрылуулар келип түшөт.

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери Ленин райондук администрациясынын кызматкерлери менен бирдикте Ош базарынын тегерегиндеги Бейшеналиева жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши, Кулиев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жол тыгындарын жаратып, унаа жүрүүчү жолдорго чейин чыгып кеткен мыйзамсыз башаламан соода-сатык кылган сатуучуларга карата түшүндүрүү жана эскертүү иштерин жүргүзүшкөн.

Ошондой эле КР Бузуулар тууралу кодексинин 120-берененин (Жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода точкаларын, тамактануу жайларын, сервистерди же жарнак такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу) негизинде 6 протокол толтурулуп, 2-категориядагы айыппулдар салынды.

Ошондой эле туура эмес орун алган соода-сатык жерлер тазаланып алдырылды.

Пикир

Оставить комментарий