• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чыныбай Турсунбеков: “Татыктуу билим, туруктуу позиция гана ар бир жаш муунду ийгиликке багыттайт”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Бүгүн, 20-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков демилгелүү жаштардын башын бириктирген “Жаштар платформасы” аттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан демилгелүү жаштарга муктаж деген Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков: “Татыктуу билим жана туруктуу турмуштук позиция гана ар бир жаш муунду ийгиликке багыттап, өзүнө эле эмес, жалпы мамлекет үчүн керектүү инсанга айлантат. Андыктан, илим үйрөнүп, жакшы тарбия алууга умтулуу менен жарандык жеке позицияны күчтөндүрүү кыргызстандык жаштардын башкы милдети”,– деди.

Ошондой эле, Чыныбай Турсунбековжаштарды бабалардын баскан жолун унутпай, улуттук баалуулуктарыбызга шайкеш келген нарктуу жолду улантууга чакырды. “Мамлекетти башкаруу үчүн бийлик гана керек эмес. Элге кызмат кылуу үчүн талыкпас эмгек, билимге ширелишкен тажрыйба зарыл. Акыйкаттыкты ыйык тутуп, ар бир маселеде калыстыкты талап кылуу менен биз гүлдөгөн Кыргызстанды кура алабыз”,– дейт ал.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин Төрагасы америкалык окумуштуу Жон Нэштин теорияларына токтолду. Ал окумуштуунун теорияларынын башкы идеясы кыргыздын “Ырыс алды – ынтымак” жана “Арам акча аш болбойт” деген макалдарына туура келерин айтып: “Андыктан, баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу менен биргеликте өлкөнү өнүктүрүүгө аракет кылалы. Ошондой эле, жаман иштерден алыс болуп, арам жол менен акча табууга каршы туралы. Себеби, адал нерсе гана адамды адам кылат” – деп кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаевдин жетекчилиги менен өткөрүлгөн “Жаштар платформасы” аталышындагы иш-чарада өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган бир катар демилгелер сунушталып, жыйын соңунда атайын резолюция кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий