• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чыныбай Турсунбеков ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын кезектеги жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. 26-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Санкт-Петербург шаарында уюштурулган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Жамаатык коопсуздук боюнча келишимдин 25 жылдыгына, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына жана ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын иштей баштагандыгын 10 жылдыгына карата кайрылуулар кабыл алынып, ушул мезгил аралыгындагы жасалган иштер, келечекте аткарылчу долбоорлор талкууланды.

Андан тышкары, ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин коргонуу жана коопсуздук комитеттеринин Координациялык кеңеши жөнүндөгү жобону өзгөртүү маселелери каралды.

Жыйын соңунда ЖККУнун иши Парламенттик Ассамблеянын жасаган жумуштарына тыгыз көз каранды экендиги айтылып, андыктан биргелешип иш алып баруу керектиги белгиленди.

Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарында жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар А.Баатырбеков, А.Кодуранова, А.Шадиев, И.Матраимов, К.Иманалиев, М.Сабиров, А.Токторов, И.Сарсейитов, Н.Алимбеков, Е.Строкова, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Б.Сулейманов, Д.Исаева, И.Карамушкина, А.Артыков жана К.Орозовалар бар.

Пикир

Оставить комментарий