• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улгайып калган аял түрмөнүн жанынан марихуана менен кармалды

Коом 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. Түрмөлөрдүн биринин жанында марихуана менен улгайган аялдын кармалганын ИИМ басма сөз кызматы кабарларды.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 15-июнунда мыйзамсыз баңги зат сатууга каршы мекемесинин кызматкерлери Нарын облусунун 60 жаштагы тургуну баңги зат сатууга тиешеси бар болушу мүмкүн деген маалымат алып, аны текшерүү учурунда ал тастыкталган. Кармалган аялдан 360 гр өлчөмүндөгү марихуана табылган.

Бул факт боюнча кылмыш иши ачылып, кармалган аял убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Тергөө иши уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий