• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Бишкек-Ош (132-137, 198-255-чакырымдарында) унаа жолунун коопсуздугун камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2017-жылдын 19-мартынан 24-мартына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 26-мартында Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында саат 16:05-16:25ке чейин кар көчкүсүн мажбурлап түшүрүү иштери жүргүзүлүп, 6 снаряд атылган. Кар көчкү түшкөн эмес.

Артиллериялык топ Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында жайгашкан ӨКМнин КДМБнын нөөмөт тобунун жатаканасына түнөп калышкан.

Пикир

Оставить комментарий