• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору Кыргызстанга гуманитардык жардам беришти

COVID - 19 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардам беришти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 10-апрелинде «Манас» аэропорту Кытай Эл Республикасынан чартердик жүк каттам менен келген гуманитардык жүктү тосуп алды.

Гуманитардык жардамдар «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору тарабынан жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды (255 миң $ ашык) түзгөн коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар тибинде келди.

«Мындан тышкары, жакынкы аралыкта өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жана экспресс-тесттердин келиши күтүлүүдө. Жардам көрсөтүүлөр КР Тышкы иштер министрлигинин, Кытайдагы кыргыз элчилигинин жана ШКУ катчылыгынын өз ара аракеттешүүсүнүн негизинде «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору аркылуу жүргүзүлдү. Ошондой эле КР президентинин тапшырасы боюнча жана Коопсуздук кеңеши менен Республикалык штабдын чечимдерине ылайык, министрлик тарабынан өлкөгө медициналык коргоочу каражаттар түрүндө гуманитардык жардамдарды тартуу боюнча учурда иштер жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий