• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Бишкектин вице-мэри эмдөө пункттарын кыдырды. Даректери

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева COVID-19га каршы эмдөө пункттарын кыдырып чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вакцина алууну каалаган жарандар борбор калаада жайгашкан вакцинация борборлорунда, анын ичинде соода борборлорунда ала алышат. Ал жерден кытайдын "Sinopfharm" вакцинасын алууга болот.

Ленин районунда пункттар төмөнкү даректер боюнча ачылган:

- Ош базарынын аймагында "Берекет универсал" соода борбору (Фучик көч., 20/3, 0-кабат);
- "Азия Молл" соода борбору (Ч.Айтматов пр., 3).

Октябрь районунда:

- "Таш-Рабат" соода борбору (М. Горький көч., 1 г);
- "Космопарк" соода борбору (Юнусалиев көч., 40а (7 кичи район).

Биринчи май районунун аймагында:

- "Вефа" соода борбору (Байтик Баатыр көчөсү, 98);
- "Бишкек Парк" соода борбору (Киев көчөсү 148).

Свердлов районунун аймагында:

- "Детский мир" соода борбору (Чүй проспекти 147/4);
-"Чынар" базары (Аламүдүн кичирайону-1, 63/1).

«Sinopfharm» вакцинасы төмөнкү эмдөө бөлмөлөрүндө жүзөгө ашырылат:

- Биринчи май районунун БҮМБнун №14,16 ҮМБда;
- Свердлов районунун БҮМБнун №4, 9 ҮМБда;
- Октябрь районунун БҮМБнун №15, 18, 19 ҮМБда;
- Ленин районунун БҮМБнун №12, 17 ҮМБда;
- куруучулар бейтапканасы;
- шаардык студенттер бейтапканасы;
- "Калыс-Ордо" конушунун дарыгердик амбулаториясы;
- "Кара-Жыгач" конушунун дарыгердик амбулаториясы;
- "Ак-Бата" конушунун дарыгердик амбулаториясы;
- "Кирпичный" конушунун дарыгердик амбулаториясы;
- "Келечек" конушунун дарыгердик амбулаториясы;
- "Дордой" конушунун дарыгердик амбулаториясы;
- "Ак-Босого" конушунун дарыгердик амбулаториясы;
- темир жол ооруканасынын бейтапканасы;
- Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы;

"Гам-Ковид-Вак" вакцинациясын төмөнкү даректер боюнча жүргүзөт:

- Октябрь районунун БҮМБда;
- Ленин районунун БҮМБда;
- Биринчи май районунун БҮМБда;
- Свердлов районунун БҮМБда;
- Ленин районунун БҮМБнун №2 ҮМБда;
- Биринчи май районунун БҮМБнун №7 ҮМБда;
- Свердлов районунун БҮМБнун №8 ҮМБда.

Эмдөөгө келгендердин паспорту жанында болушу керек, анткени бардык маалыматтар (паспорт жана вакцина жөнүндө маалыматтар) Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук ден соолук борборунун COVID-19 эмдөөсүнө каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн базасына киргизилет.

"Бардык суроолор боюнча РИБ: 32 31 27; 32 30 11 телефон номери боюнча, ошондой эле МСЭКБнын Иммунопрофилактика бөлүмүнүн 0500 303 343, 54 65 21 жана 54 61 04 телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот. Иш убактысында чалыңыздар, телефондор күнү-түнү иштебей тургандыгын эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий