• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коронавируска каршы вакцинаны биринчилерден болуп сынап көрүүгө даярмын - Бейшеналиев

COVID - 19 0

Бишкек, 22.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцинаны биринчилерден болуп сынап көрүүгө даяр экендигин билдирди.

Бейшеналиев эмдөө акысыз негизде жүргүзүлө тургандыгын белгиледи.

"Эмдөө жүрбөсө, биз кадимки жашоого кайтып келбейбиз. Вакцинаны алгач медицина кызматкерлери, мугалимдер жана калктын аярлуу катмары алат. Россия жана Американын клиникаларында жарандар эмдөөдөн өтүп жатышат. Эмдөөнүн коопсуздугун ынандыруу үчүн мен биринчи болуп вакцинаны сынап көрүүгө даярмын", - деди министрдин милдетин аткаруучу.

Ал Кыргызстан вакциналардын эң таасирдүүлүгүн алышы керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий