• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Бюджеттен жабдык, коргонуучу каражат жана башка максаттарга 2,5 млрд сом бөлүнгөн. Алар кайда жумшалган?

Экономика 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул пандемия башталгандан бери республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2,5 млрд сом кайда жумшалганын айтып берди.

Анын айтымында, 2,5 млрд сом республикалык бюджеттин каражаттары болуп эсептелет.

2,5 млрд сомдун жумшалашы:

- 488 млн сом - Саламатык сактоо министрлигине жасалма лем алдыруу аппарат, кычкылтек концентраторун, реагент, чыгымдык материалдарды алууга, кенемте төлөөгө;
- 600,9 млн сом Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жеке коргонуучу каражат алууга, кенемте төлөөгө;
- 566,8 млн сом - укук коргоо органдарына тамак-аш, жеке коргонуучу каражат алууга, кошумча төлөмдөрдү төлөөгө;
- 475,6 млн сом - Материалдык резервдер фондуна;
- 208,9 млн сом - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине;
- 27,7 млн сом - өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө жеке коргонуучу каражаттарды ж.б. алууга;
- 3,1 млн сом - Мамлекеттик ветеринардык инспекциясына жеке коргонуучу каражаттарды ж.б. алууга;
- 157,2 млн сом - ТИМге ПЧР-тест, чыгымдык матераил, медициналык жабдык алууга;
- 1 млн сом - Транспорт министрлигине;
- 40 млн сом - өзгөчө кырдаал-абал учурунда калктын аярлуу катмарына азык-түлүк сатып алууга.

Пикир

Оставить комментарий