• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жети айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3 млрд доллардан ашты

Экономика 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Быйыл январь-июль айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статистика комитети билдиргендей, былтыркыга караганда тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 21,7%га азайган. Ошол эле учурда экспорт 1,7%га көбөйсө, импорт 31,3%га кыскарган.

"Январь-июль айларында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен болгон өз ара сооданын көлөмү 1,3 млрд долларды түзүп, 2019-жылга караганда 17,9%га азайган. Экспорт 23,5%га, ал эми импорт 16,2 %га азайган", - деп билдирет Статистика комитети.

Пикир

Оставить комментарий