• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Эмдөөдөн орозо бузулбайт

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Орозо кармаган жарандарга эмдөөдөн өтүүгө болот. Себеби, эмдөөдөн орозо бузулбайт жана ооз ачылып калбайт. Бул маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендигин, Республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын өтө оор формасына чалдыгып, орозо кармаганга дарамети жетпесе, анда ал адамга орозо кармабаганга уруксат берилет.

Ошондой эле эгерде күндүзгү убакта адамга маал-маалы менен дары-дармек ичиши керек болсо, орозону токтото турууга мүмкүн. Бейтап оорудан толук айыгып чыккандан кийин орозону кармашы керек.

Дин башкармалыгы адам кандай гана абалда болбосун, сөзсүз дарылап жаткан дарыгери менен кеңешүүсү зарыл экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, быйыл Рамазан айы 2-апрелден башталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий