• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада 13 миң 243 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 14 миң 243 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 990 адам вакцинанын биринчи дозасын, 7 миң 253 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 720 миң 210 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 504 миң 998 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий