• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда бир күн ичинде 49 медкызматкер илдетке кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирусту 49 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бир суткада төрт медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

“Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 879 учур катталды, алардын ичинен 446 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-июлга карата коронавирус жуккан жаңы 439 учур катталып, жалпы 5735 учурга жетти. Алардын ичинен 879у медицина кызматкери. Илдеттен 2443 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 62 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий