• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда бир суткада 10 миң 374 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 374 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 731 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 643 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 66 миң 514 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 847 миң 188 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий