• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Кыргызстанда бир суткада 9 миң 617 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 617 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 866 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 751 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 200 миң 962 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 988 миң 457 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий