• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. Медициналык кызматкерлер окуу курстарынан өтүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун проректору Таалай Тургунбаев COVID-19га байланыштуу медицина кызматкерлери үчүн өткөрүлүп жаткан окуу курстары тууралуу айтып берди.

"Институттун окутуучулук курамы клиникалык протоколдун үчүнчү версиясы боюнча COVID-19 инфекциясын аныктоо, дарылоо боюнча жума сайын аралыктан окутуу курстарын өткөрүп жатат. Ооруканалардын дарыгерлери 5 күндүк программа, медайымдар 3 күндүк программа жана медициналык биринчи жардамдын дарыгер жана мейадымдарына 3 күндүк программа менен окутулуп жатат. Февраль айынан тартып азыркы күнгө чейин 18 миң 437 адис окутулду. Анын ичинен 10 миң 931 медицина кызматкери аралыктан жана ордуна баруу менен инфекциялык көзөмөл жана жеке коргонуучу каражаттарды туура колдонуу боюнча 7 миң 506 кызматкер окутулду. Анын ичинен 3 миң 38и дарыгер, 3 миң 759у медайым, 70и ординатор жана 639у кенже жана башка кызматкерлер. Ошондой эле COVID-19га экспресс тестирлөө, ПЧР изилдөө, аналитика боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын жана башка министрликтердин лаборатория бөлүмдөрүнүн 403 адиси окутулду", - деди ал.

Анын айтымында, COVID-19га байланыштуу эпидемиологиялык суроолор боюнча тездетилген программанын алкагында 67 санитар жана паразитолог дарыгер аралыктан окутулган.

"Лабораториялык бөлүмдөрдүн адистери үчүн COVID-19га ПЧР диагностикасынын негиздери тездетилген программанын алкагында тренинг курсу аяктады - 50 киши окутулду. Оор мүнөздөгү COVID-19 жана ооруканадан тышкаркы пневмонияда реаниматология маселелери боюнча тездетилген эки жумалык программа боюнча 66 дарыгер окуудан өттү. Андан тышкары бардык саламаттык сактоо уюмдарынын инфекциялык көзөмөл боюнча адистери үчүн инфекциялык көзөмөл жана коопсуздук чаралары суроолору боюнча 2 күндүк аралыктан окутуу курстары өткөрүлгөн. Жалпы 300 адис окуудан өттү. Фармацевтика кызматкерлери үчүн 6 курс уюштурулуп, 93 фармацевтика кызматкери окутулду. Лор дарыгерлерге 2 курс өтүп 16 киши, тиш доктурларга 2 курс өткөрүлүп, 38 адам, 38 дерматокосметолог адис (3 курс) жана иммундук алдын алуу кабинеттеринин адистерине 4 курс өткөрүлүп, 150 кызматкер окутулду. Азыр окутуулар уланып жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий