• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустан 3 миң 295 бейтап дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 11.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 3 миң 295 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Учурда ооруканаларда 1 миң 679 адам, үй шартында 1 миң 616 бейтап дарыланып жатат.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 306 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 49 миң 230ду түзөт. Алардын ичинен 44 миң 395 киши айыгып чыкты, 1 миң 85 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий