• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Өзбекстандан келген гумжардам өлкөнүн аймактарына жеткирилүүдө - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Өзбекстандан келген ун түрүндөгү гуманитардык жардам аймактарга жеткирилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, гумжардам Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жана Ош шаарына жеткирилет.

2020-жылдын 4-августуна карата Жалал-Абад, Баткен облустарына жалпы 1000 тонна ундун ичинен 420 тонна өлчөмүндө жүк жеткирилген.

Эске салсак, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гуманитардык жардамды түшүрүү, сактоо жана белгиленген жерге жеткирүү милдети жүктөлгөн. Гуманитардык жүктү бөлүштүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий