• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү профилдештирилди

Аймак 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын №2 инфекция бөлүмү Ош шаарында жана Ош облусунда COVID-19 жуктуруп алган кош бойлуу айымдарды, төрөт учурундагы аялдарды жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды дарылоо үчүн профилдештирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын №2 инфекция бөлүмүнүн базасында COVID-19 жуктуруп алган кош бойлуу айымдарды, төрөт учурундагы жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды дарылоо үчүн эпидемияга каршы катуу режимдеги бөлүм жайгаштырылган.

2022-жылдын 15-январына карата «кызыл аймакта» 16 бейтап бар: алардын 8и кош бойлуу, 8и көз жаруу алдында. Экөөнүн абалы оор.

Дарыгерлер тобунда инфекционист, акушер-гинеколог, анестезиолог-реаниматолог жана неонатолог бар. Башка тар адистиктеги дарыгерлердин консультациясы зарылчылыкка жараша жүргүзүлөт. Онлайн консультация берүү үчүн мультидисциплинардык топ түзүлдү. Кош бойлуу аялдарды жана төрөт учурундагы аялдарды кабыл алуу жана ооруканага жаткыруу облустун акушердик жардам көрсөтүү боюнча координатору менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.

Министрлак кош бойлуу жана төрөт алдындагы аялдарды медициналык кызматкерлердин сунуштарын аткарууну суранат.

COVID-19 инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн:

- физикалык аралыкты сактоо (1-1,5 метрден кем эмес);

- коомдук жайларда, өзгөчө имараттын ичинде жана коопсуз аралыкты сактоого мүмкүн болбогон жерлерде беткап тагынууга;

- кол гигиенасын сактоо. Аларды бат-баттан самын жана суу менен жууп туруңуз же спирттүү колду тазалоочу каражатты колдонуңуз.

- COVID-19га каршы эмдөө алуу;

- жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду жана мурунду чыканагыңыз же бет аарчы менен жабуу;

- Өзүңүздү жаман сезсеңиз, үйдө калыңыз.

Пикир

Оставить комментарий