• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖӨБЭММА: Сузактагы Ырыс айыл аймагында санариптештирүү жумушу жана "Бирдиктүү терезе" көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 2020-жылдын 25-сентябрында Сузактагы Ырыс айыл аймагында санариптештирүү жумушу жана "Бирдиктүү терезе" көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Нурболот Мирзахмедов, мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А. Мамбеталиев, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Р. Осмоналиев, Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э. Омошев, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер мемлекеттик агентигин Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү С. Сатыбалдиев, Ырыс айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү калк катышкан.

"Айтылган бирдиктүү терезе Ырыс айыл аймагынын калкы үчүн кызмат алуусун жеңилдетүү, жарандардын айрым маселелерин бүтүрүүдө бюрократиялык тоскоолдуктарга бөгөт коюу, коррупцияны жоюу, мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына жарандардын ишенимин жогорулатуу максатында ачылды. Ошону менен бирге "бирдиктүү терезеде" айыл өкмөтүнүн чарба китептери автоматтыштырылып, "Санарип аймак", "Е-кызмат", "Инфодокс" маалымат системалары дагы ишке киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

"Санарип аймак” түзүмү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын “Түндүк” мамлекеттик тутумуна кошулуусуна жана мамлекеттик органдардын маалыматтык базаларынан тиешелүү маалыматтарды онлайн түрдө алууга жана колдонууга, ошондой эле ЖӨБ органдарында маалыматтары жалпыланган түрдө борбордоштурулган базада топтолуп, сапаттуу анализ жана мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Маалыматтык тутумду ишке ашыруу менен муниципалдык кызматтар, анын ичинде, жашаган жери, мал жандыктын саны жана үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалым каттарды берүү автоматташтырылат. Ушуну менен биргеликте мамлекеттик органдарга ЖӨБ органдары аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө жол ачылат.

Бүгүнкү күнгө республиканын түштүк облустарында 187 айыл аймактары жана шаарлар "Санарип аймак" маалыматтык тутуму маршрутизатор аркылуу туташтырылып, бул тутум аркылуу 38 миң 432 жаран боюнча маалымат алмашуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдар менен болуп өттү. Бул маалыматтар алмашуу саны күн сайын өсүүдө.

Пикир

Оставить комментарий