• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто машина чыгаруучу завод курулууда. Долбоордун баасы – 150 млн доллар

Аймак 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. Ош шаарында машина чыгаруучу завод курулууда. Заводдун курулушу былтыр майда башталган, 2019-жылдын экинчи кварталында толук кандуу иштеп баштайт.

Долбоорго жалпысынан 150 млн доллар инвестиция салуу пландалган. Ал сумманын ичинен 10 млн доллар биринчи этапка каралып, бул каражатка курулуш иштери жана жабдууларды сатып алуу каралган.

Заводду "Кыргыз Унаа Курулуш" ишканасы курууда.

Ишкана Ossberger жана Pelton үлгүсүндөгү гидротурбиналарды, шамал-генераторлорду жана электромобилдерди чыгарууну пландоодо.

Заводдо 300 ашык жумуш оруну түзүлүп, Түркиядан, Европадан жана Россиядан адистер чакырылат. Ошондой эле 10 жаш кыргызстандык адистер квалификациясын жогорулатуу үчүн Европага жиберилет.

Завод кандай жабдууларды даярдай алат:

  • ГЭСтер үчүн жабдуулар
  • дизелдик жана бензин генераторлор
  • шамал генераторлору
  • өндүрүш ишканалары үчүн ар түрдүү станоктор
  • электромобилдерди чогултуу
  • ар түрдүү насостор

Пикир

Оставить комментарий