• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Республикалык штабдын 25-апрелге карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-апрелге карата Кыргызстанда 23 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны 345ке жетти.

Республикалык штабдын 25-апрелге карата маалыматы:

- COVID-19 инфекциясын жуктурган жаңы 9 учур катталды. Азыркы тапта Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 665ти түзөт. Анын ичинен:

* Ооруканада 312 бейтап жатат – анын ичинен 6 адам жандандыруу бөлүмүндө.

* 345 адам оорудан айыгып үйүнө чыккан.

* Өлкөдө илдетти жуктурган 8 жаран каза болгон.

- Коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон адамдардын саны – 2 миң 463.

- Обсервацияда 1 миң 354 адам жатат.

- 22-апрель күнү Новосибирсктен учуп келген 177 жарандын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы табылган.

- Коронавирус жуктурган бейтаптар мамлекеттин эсебинен акысыз дарыланат.

- Бонецкий лабораториясы 3 миң 500 медицина кызматкерине бекер ПЧР анализ жүргүзөт.

- Эрте бузулган азыктарды алып бара жаткан жүк ташуучу унаалар өткөрмө пункттардан тоскоолдуксуз өтө алат.

- 22-апрелде обсервацияга алынган 7 жүк ташуучу үй карантинине чыгарылды. Аларга жасалган ПЧР текшерүүнүн жыйынтыгы оору жок экенин көрсөткөн.

- Өткөн суткада өлкө боюнча коменданттык саатты бузган 80 жаран кармалган.

Пикир

Оставить комментарий