• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

COVID - 19 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Россия Федерациясы Кыргыз Республикасына COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүү үчүн гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги Россия Федерациясынын Роспотребнадзорунан COVID-19 коронавирустук инфекциясын аныктоо боюнча 200 миң лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн ПЦР-тест системасын алды. Гумдардам жакынкы аралыкта Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Кыргыз Республикасы Россия Федерациясына көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий