• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Саламаттык сактоо министрлигине кезектеги тепловизорлор жана коргоочу кийимдер өткөрүлүп берилди

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Кыргызстандагы чет мамлекеттердин Ардактуу консулдарынан жана «Rotary Club of Bishkek» коомдук уюмунан тепловизорлор жана коргоочу медициналык кийимдер КР Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган медициналык каражаттарды тапшыруу иш-чарасы бүгүн, 20-апрелде болду. Ага КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев, КРдагы чет мамлекеттердин Ардактуу консулдарынын жана «Rotary Club of Bishkek» коомдук уюмунун өкүлдөрү катышкан.

«COVID-19 коронавирустук инфекциясынан каршы күрөшүүнү күчөтүүнүн алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жетекчилиги жана КР аймагына коронавирустук инфекциянын келишинин алдын алуу жана анын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штаб тарабынан коюлган конкреттүү тапшырмаларга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КРдагы чет мамлекеттердин Ардактуу консулдары жана «Rotary Club of Bishkek» коомдук уюму менен биргеликте өлкөгө зарыл медициналык каражаттарды сатып алуу жана аларды Бишкекке жеткирүү боюнча иш жүргүздү», - деп айтылат ТИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, жалпы суммасы 2 млн 660 миң сомдук 39 даана тепловизор жана 300 коргоочу костюмдар КРнын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн жардамдар үчүн КРдагы чет мамлекеттердин Ардактуу консулдарына жана «Rotary Club of Bishkek» коомдук уюмуна ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий