• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине кенемте төлөнөт – Боронов

COVID - 19 0


Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып ооруга чалдыккан дарыгерлерге жана медицина кызматкерлерине кенемте төлөнөт. Учурда өкмөт тарабынан төлөмдөрдүн өлчөмү каралууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал учурда өлкөдө 32 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганын айтып, ооруну жуктуруп алгандар үчүн кенемте төлөө боюнча документ даяр болуп калганын билдирди.

"Өзгөчө кырдаал учурунда өзүнүн кесиптик ишин аткарып жатып коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине кенемте төлөө боюнча документ даярдалып жатат. Андан тышкары, кесиптик ишин аткарып жатып коронавирус жуктуруп, каза болгон дарыгерлерге кенемте төлөө каралууда. Бирок андай учурлар болбой эле койсун", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-апрелге карата коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 270ке жетет. Алардын ичинен 35 адам коронавирустан айыккан – анын ичинен бүгүн 10 адам ооруканадан чыгарылат. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий