• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 9 адам жатат — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 9 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 9-июнга карата 8 миң 592 адамга жетти.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 9-июнда республика боюнча коронавирус жуккан жаңы 23 учур аныкталып, COVID-19 инфекциясын жуктуруу жалпы 2055 учурга жетти. Анын ичинен 403ү медицина кызматкерлери. Жалпы илдеттен 1483 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда стационарда 548 адам жатат, анын ичинен экөө реанимацияда. Ал эми коронавирус жуккан 24 адам каза болду (+1 учур бүгүн катталды).

Пикир

Оставить комментарий