• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Транспорттогу мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунда 12 пункт иштеп жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. КР Cаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министирлигинин Транспорттогу мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунда жалпысынан 12 санитардык-карантиндик көзөмөлдөө пункттары (СКП) бар. Бул тууралуу брифинг учурунда аталган борбордун башкы дарыгери Рыспек Сыдыгалиев билдирди.

Дарыгердин айтымында, анын ичинен үч санитардык өткөрмө пункту аба каттамдарында жайгашкан.

“12 санитардык-карантиндик көзөмөлдөө пункттарында жалпы атайын даярдыктан өткөн 67 медицина кызматкери иштейт. «Манас», «Ош», «Тамчы» (Ысык-Көл), «Достук», «Кызыл-Кыя» өткөрмө пункттарында эмдөө пункттары бар. Транспорттук көзөмөлдөө пункттарында 79 адам иштесе, алардын ичинен 68 медицина кызматкери (86%) эмдөөдөн өткөн”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий