• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Дыйканбаев COVID-19га каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаев Бишкек шаарындагы № 3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда коронавирус инфекциясына каршы «Sinopharm» вакцинасын алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Азамат Дыйканбаев калкты коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо процессинин маанилүүлүгүн белгиледи жана жарандарды андан үлгү алууга, вакцинациялоого активдүү катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий