• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. Жогорку Кеңештин депутаты обсервацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасында обсервацияда жатат. Бул тууралуу обсервациянын башкы дарыгери Чоро Сатаев билдирди.

Анын айтымында, ал чет өлкөдөн 20-март күнү учуп келген.

"Ал медицина кызматкерлеринин айткандарын аткарууда. Обсервациянын аймагында болуп, бөлмөсүнөн да чыккан жок", - дейт Сатаев.

Ал белгилегендей, депутаттын саламаттыгы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн жок.

Пикир

Оставить комментарий